Видео: Германияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 11 адам каза болуп, 70и дайынсыз болууда

Германиянын Шульд коммунасынын Аденау шаарына жакын жерде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам алты үй кулап, 70тен ашуун адам дайынсыз болууда.

Мындан тышкары, башка үйлөр дагы урап калуу коркунучунда турат.

Германияда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам кеминде 11 адам каза болуп, 70тейи дайынсыз болуп жатканын РИА Новости Bild басылмасына шилтеме берип жазды.

Буга чейин жети адам каза болгондугу айтылган.

Бернд циклонунан улам дүйшөмбүдөн бери Германияда катуу жамгыр жаап жатат.

Нөшөрлөгөн жамгырдан улам көбүнчө өлкөнүн батыш жана түштүк-батыш аймактары жабыркап, дарыялар, анын ичинде Рейн дарыясы жээктен ашып, көчөлөрдү суу каптап жатат.

Рейнланд-Пфальцтагы Арвайлер округунда кеминде төрт адам каза болуп, Шульд коммунасынын Аденау шаарына жакын жерде алты үй кулап, 50-60 адам дайынсыз болуп жатканын полициядан билдиришти.

Түндүк Рейн-Вестфалияда эки өрт өчүргүч куткаруу иштерине катышып жаткан учурда каза болушкан. Ошондой эле аймакта дагы беш адам каза болду.

Комментарий жиберүү