Видео: Ирандык балбан америкалык атаандашып утуп, дүйнө чемпионуб олду

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында ирандык балбан Хасан Яздани америкалык атаандашы Дэвид Тейлорду 6:2 эсеби менен утуп, алтын медаль тагынды.

Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Хасан Яздани  86 килограмм салмакта күч сынашты.

Ирандык балбан акыркы жолу Дэвид Тейлор менен Токио Олимпиадасында беттешип,  женилип калган.

Буга чейин ирандык спортчу чемпиондукка ат салышууда казакстандык балбан Азамат Даулетбековду 12:2, Пуэрто-Риколук атаандашы Эйтан Рамосту 10:0 эсебинде жана орусиялык спортчу Артур Найфоновду жеңген.

Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты Норвегиянын баш калаасы Осло шаарында 2-10-октябрда өтүп жатат.

Комментарий жиберүү