Видео: Казакстанда бир күндө 400 килограмм ок-дары жок кылынды

Казакстандын Жамбыл облусунун Байзак районунда бир күндө 400 килограмм ок-дары жок кылынды.

Бул тууралуу казак ЖМКлары жазды.

Август айында жардыруулар болгон аскер бөлүгүнүн аймагында калып калган ок-дарылар  Жамбыл облусундагы Байзак районуна бөлүп-бөлүп жеткирилүүдө. Көзөмөлдөнгөн жардыруу иштери эл жашабаган ээн тоолуу аймакта жүргүзүлүп жатат.

Адистер ар бир жардырууну көзөмөлдөп, учкучсуз учуучу аппаратты колдонуу менен процесске абадан байкоо жүргүзүшүүдө.
Ок-дарылардын калдыктарын жок кылуу 13-ноябрга чейин созулат.

Калдыктарды жок кылууга инженердик жана сапердук бөлүмдөрдүн 20дан ашуун адис катышууда. Биринчи күнү алар 400 килограммдык партияны жок кылышты.

Эске салсак, 26-августта Байзак районунда жайгашкан 28349 аскер бөлүгүнүн аймагында болгон өрттөн жана жарылуулардан 17 адам каза болуп, бирөө дайынсыз жоголгон. Каза болгондордун арасында өрт өчүрүүчүлөр, куткаруучулар, коргоо министрлигинин аскердик  кызматкерлери жана аскер прокурору бар.

Комментарий жиберүү