Видео: Кытайда 10 кабаттуу имарат 28 сааттын ичинде курулуп бүттү

Кытайлык куруучулар 10 кабаттуу турак үйдү 28 сааттын ичинде куруп бүтүштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.

Имараттын кантип курулганы timelaps-видеого тартылган.

Объект “Broad Group” компаниясы тарабынан курулду.

Аталган компаниядан келечекте 200 кабаттуу имараттарды дагы ушундай эле жол менен кыска убакыттын ичинде курууга болорун билдиришти.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 20 батирлүү мындай үйдүн курулушу 3 миллион долларды түзөт.

Комментарий жиберүү