Видео: Лондондо нөшөрлөгөн жамгырдан улам бир нече метро станцияларын суу каптады

Лондондо нөшөрлөп жааган жамгырдан улам райондорду, анын ичинде үйлөрдү, көчөлөрдү, жолдорду жана метро станцияларды суу каптады.

ВВС маалымдагандай, 25-июль күнү кечинде Лондондо үч сааттын ичинде жааган жамгырдын көлөмү белгиленген нормадан ашып, жамгырдын деңгээли 51 миллиметрге жеткен.

Суу ташкынынан улам борбор калаадагы көптөгөн жолдор, анын ичинде Темзадагы Блэкуолл туннели да жабылды.

Суу ташкыны учурунда шаарда сегиз метро станциясы жана бир жеңил метро станциясы жабылды.

Интернетте суу каптаган Pudding Mill Lane жеңил метро станциясынын видеосу жарыяланды. The Telegraph белгилегендей, ушундай эле жагдай Kennington жана Hackney Wick станцияларында да болду.

Лондондо үч айдын ичиндеги экинчи жолу суу ташкындап жатат. Акыркы жолу суу ташкын 13-июлда болгон.

Комментарий жиберүү