Видео: Новосибирсктеги жарылууда 30дан ашуун киши жабыркады. Арасында кыргызстандыктар да бар

Кечээ, 14-июнда, болжол менен саат 18:00 чамасында (жергиликтүү убакыт боюнча) Новосибирск шаарынын Октябрь районундагы Гусинобродское шоссе көчөсүндө жайгашкан авто газ  куюуучу жайда келип чыккан өрттөн улам жарылуу болуп, 30 дан ашуун  киши жабыркаган.

Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Окуя болгон жер кыргыз жарандарынын компакттуу жашаган аймагына жакын болгондугуна байланыштуу, Башкы консулдуктун кызматкерлери окуя  болгон жерге ыкчам түрдө барышып, Өзгөчө кырдаардар министирлигинин  өкүлдөрү менен жеринен жолугушуу учурунда алган алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандардын арасында ар кандай деңгээлдеги  жаракат (күйүк)  алган  Кыргызстандын үч жараны бар экендиги аныкталган.

Маалыматта кырсыктан Ош облусунун Кара-Суу шаарынын 1968-жылкы тургун У.О. денесинин 20% га жакыны күйүк алганы, учурда анын абалы туруктуу, өмүрүнө коркунуч жок, керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатканы айтылат.

Экинчи жаран, 2001-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну А.уулу Н., жеңил күйүк (5% га жакын),  алган жана керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин, үйүнө чыгарылган.

Жабыркаган үчүнчү кыргыз жараны, Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургуну,  1988-жылы туулган А.Б.,  жеңил күйүк (болжол менен 7%)  алып,  шок абалда болгондуктан, кырсык орун алган жерден кетип калган. Кийинчерээк  Башкы консулдуктун кызматкерлери менен байланышып, алардын жардамы менен ооруканага жеткирилген.

Ошондой эле, өрттүн жана жарылуунун натыйжасында, Кыргызстандын жараны ижарага алып иштетип жүргөн кафе жана кыргыз жараны иштеген дөңгөлөк алмаштыруучу жай күйүп кеткендиги аныкталды. Бул жарандар тез арада эвакуацияланганга жетишишкен.

Өрт болгон жерде Башкы консулдуктун кызматкерлери алар менен жолугушуу өткөрүшүп, паспорту күйүп кеткен бир жарандын өздүгүн аныктоочу документин Башкы консулдук кыска убакыт ичинде калыбына келтирүү үчүн тиешеллүү иш-аракеттерди көрмөкчү.

Комментарий жиберүү