Видео: Түштүк Корея жүргүнчүлөр отурган автобуска 5 кабаттуу үй кулап, 9 киши каза тапты

Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордон имараттын автобустун үстүнө кулап түшкөнүн көрүүгө болот.

Түштүк Кореяда жүргүнчүлөрү бар автобус турган коомдук транспорттун токтоочу жайына 5 кабаттуу имарат кулап, кеминде тогуз адам каза болду.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Окуя Сеулдун түштүк-батышындагы Кванжу шаарында болгон.

Имаратты бузуу иштери жүрүп жатканда үй аялдамада турган автобустун үстүнө кулаган. Автобусттун ичинде 17 жүргүнчү бар болгон.

Өлкөнүн Улуттук өрт өчүрүү кызматынын маалыматы боюнча,  окуяда 9 жүргүнчү каза болуп, 8 адам оор жаракат алган.

Учурда кырсыктын себептери аныкталып, полиция бул иш боюнча иликтөө баштады.

Өлкө президенти Мун Чжэ Ин окуяны кылдат иликтөөнү тапшырды.

Комментарий жиберүү