Видео: Филиппинде катуу тайфун болуп, каза болгондордун саны 19га жетти

Филиппиндин Лусон аралынын түндүгүндө “Маринг” тайфуну катталып, 19 адам каза болду жана 13 киши дайынсыз жоголууда.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Буга чейин, катуу жааган жамгырдан улам Бенгет провинциясында жер көчкү жүрүп, көп аймактар селден жабыркаганы маалымдалган.

Маалыматка ылайык, учурда Филиппиндин аймагында тайфун токтоду, бирок синоптиктер жамгырдын улануу коркунучу бар экенин эскертишүүдө. Аймактардан 10 миңден ашуун адам эвакуацияланды.

CNN  телеканалы “Маринг” тропикалык циклонунун кесепетинен 19 адам каза болуп, 13 адамдын дайыны билинбей жатканын билдирди.

Комментарий жиберүү