Владимир Зеленский менен Жо Байдендин сүйлөшүүлөрү кандай аяктады?

АКШ Крымдын Орусияга кошулушун тааныбайт.

“Америка Кошмо Штаттары Украина менен бирге Орусияны баскынчылыгы үчүн жоопко тартуу үчүн ишин уланта берет”, – деп жазылган Зеленскийдин сайтында.

Белгилей кетсек, Ак үйдө Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын президенти Жо Байдендин жеке жолугушуусу өттү.
Мамлекет башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгында Украина президентинин расмий сайтында жарыяланган биргелешкен билдирүү жарыяланган.

 Эки өлкөнүн башчыларынын күн тартибинде коопсуздук жана коргонуу, адам укуктары менен эркиндиктери, энергетикалык коопсуздук жана экономика темалары жана  президенттер климаттын өзгөрүүсү боюнча маселени талкуулашты.

Мындан тышкары өлкөлөр коргонуу, коопсуздук жана киберкоопсуздук жаатында кызматташууну күчөтүүнү пландап жатышат. Украина бир катар реформаларды, анын ичинде сот системасын ишке ашырат, ошондой эле коррупцияга каршы күрөштү күчөтөт.

 “АКШнын колдоосу менен Украина Европа жана Евро-Атлантика принциптерине жана практикасына ылайык өлкөнү өзгөртүү үчүн реформанын күн тартибин ишке ашырууда”,-деп айтылат билдирүүдө. Ошондой эле Украинада расизм, ксенофобия, антисемитизм жана ЛГБТ жамааттарын басмырлоо менен күрөшүү боюнча иштер жүргүзүлөт. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө Украина менен АКШ Түндүк агым 2нин курулушун Европанын энергетикалык коопсуздугуна коркунуч катары карашты. “Украина менен Америка Кошмо Штаттарынын өкмөттөрү Украинага түрдүү булактардан газ жеткирүү потенциалын жогорулатуу аракеттерин колдошот”, – деп айтылат маалыматта.

Жо Байден өлкөнүн чыгышындагы жаңжалдан кийин Украинага гуманитардык жардам көрсөтүүнү убада кылды. “Бул жылы АКШ өкмөтү Украинага кошумча 45 млн. доллар гуманитардык жардам берет”, – деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, бул жолугушуу АКШнын жаңы лидеринин инаугурациясынан кийинки биринчи жолугушуу болду.

Эске салсак, жакын арада Орусия президенти дагы Зеленский менен жолгушуу өткөрөөрүн президенттин пресс-катчысы билдирген.

Комментарий жиберүү