Владимир Путин ноябрда G20 саммитине катышары күтүлүүдө

Индонезиянын президенти Жоко Видодо Орусиянын президенти Владимир Путин 15-16-ноябрда Индонезиянын Бали аралында өтө турган “Чоң жыйырмага” (G20) кирген өлкөлөрдүн саммитине келет деп күтүлүп жатканын кабарлады.

Виодо Bloomberg агенттигине берген маегинде саммитке келүү ниетин Владимир Путин өзү билдиргенин айтты. Маалыматка караганда, Бали аралына Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин да барат.

Кремль комментарий берүүдөн баш тартты. Атын атагысы келбеген орусиялык чиновник Bloomberg басылмасына Владимир Путин G20 лидерлеринин жолугушуусуна катышууну пландап жатканын ырастады.

Июндун аягында Видодо Москвада Владимир Путин менен жолугушкан. 18-августта алар телефондон сүйлөшүп, саммитке даярдык тууралуу сөз болгону кабарланган. Башка маалымат берилген эмес.

Эгерде Путиндин сапары ишке ашса, “Чоң жыйырмалыктын” саммити Украинада согуш башталгандан бери Владимир Путин Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери менен чогуу катышкан биринчи иш-чара болот.

Комментарий жиберүү