Гаага соту Ирандын АКШ менен санкцияларга байланыштуу талаш-тартышын колдоду

Эл аралык сот Ирандын АКШга карата доо арызын карап жатат.

Islam Today маалымат порталы билдиргендей, Эл аралык Гаага соту Вашингтондун өзөктүк келишимден чыккандан кийин президент Дональд Трамптын администрациясы тарабынан кайрадан киргизилген санкциялардын алынып салынышын талап кылган Ирандын АКШга карата доо арызын өзүнүн юрисдикциясына алуу чечимин кабыл алды.
 Белгилей кетсек, Иран АКШга каршы Эл аралык сотко 2018-жылдын август айында эле кайрылган. Ал эми, Ак үй өз кезегинде бул маселе боюнча чечим чыгарууга юрисдикция жок экендигин билдирген.
Албетте, бул Гаага сотунун АКШ менен болгон талашта Ирандын пайдасына чыгарган биринчи чечими эмес. Эске салсак, 2019-жылдын февраль айында сот АКШнын Ирандын 1,75 млрд. доллардык активдерин тоңдуруп коюсуна байланыштуу Ирандын даттануусу боюнча өзүнүн юрисдикциясын тааныган.
Ошондой эле 2018-жылдын октябрь айында Эл аралык сот АКШга Иранга дары-дармектерди жана медициналык товарларды жана жарандык авиациянын коопсуздугун камсыз кылган жабдууларды, кызмат көрсөтүүлөрдү эркин экспорттоого тоскоол болгон чараларды алып салууга буйрук берген.
 Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф Эл аралык соттун Иранды колдогон кезектеги чечимин “республиканын жеңиши” деп атап, АКШнын санкциялары анын өлкөсүнө “кыйынчылык жана азап” алып келип, Миллиондогон адамдардын өмүрүн кыйратты”,- деп баса белгиледи.
 «Иран ар дайым эл аралык мыйзамдарды толугу менен аткарып келген. Эми, Америка Кошмо Штаттары эл аралык милдеттенмелерин аткара турган мезгили келди “, – деп жазды Иран дипломатиясынын башчысы Твиттерде.

Комментарий жиберүү