Гвинеяда Эбола эпидемиясы башталгандыгы жарыяланды

Гвинеянын түштүк-чыгышында Эбола илдети катталды.

Саламаттыкты сактоо министринин төрагалыгы астында өткөн кризистик жыйында лихорадканын жайылышына каршы күрөшүү боюнча бир катар чараларды көрүү чечими кабыл алынды. Аларга оорулуу адамдарды аныктоо жана алар менен байланышта болгон адамдардын бардыгын изоляциялоо кирет. Бул тууралуу “Euronews” телеканалы билдирди.

“Бизде Эбола вирусун жуктурган жети учур (төрт эркек жана үч аял) катталды. Үч адам каза болду. Үчөө изоляцияланган. Бир бейтап Канакри шаарында. Экөө Нзерекордо”, – деди өлкөнүн Санитардык коопсуздук боюнча агенттигинин башчысы Сакоба Кейта. Гвинеянын санитардык агенттигинин өкүлдөрүнүн айтымында,  Эбола геморрагиялык лихорадкасынын биринчи учуру Гуеке шаарында 28-январда каза болгон медайымдан аныкталган.  Аялдын сөөгү 1-февралда жерге берилген.

Кейтанын айтымына караганда, акыркы сапарга узатуу зыйнатынан бир нече күн өткөндөн кийин, бир нече адамда ич өтүү, кусуу, кан кетүү жана эт ысуу сыяктуу оорунун белгилери пайда болгон. Вирусту аныктоо үчүн жүргүзүлгөн  биринчи тесттер 12-февралда тастыкталган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Гвинеяга жардам берүү үчүн болгон ресурстарды тезинен колдоно тургандыгын жарыялады.

2014-2016-жылдары Гвинея Батыш Африкадагы Эбола эпидемиясынын эпицентринин бири болуп калган. Анда континенттин бул бөлүгүндө 11 миңден ашуун адам каза болуп, 28 миңден ашуун адам ооруган.

Комментарий жиберүү