Германия менен Словения газды рубль менен сатып албай турганын билдирди

Орусиядан Европа өлкөлөрүнө жаратылыш газын жеткирүү боюнча келишимдерде доллар жана евро менен эсептешүүлөр каралганын Германиянын канцлери Олаф Шольц билдирди.

Ушундай эле билдирүүнү Словениянын премьер-министри Янез Янша жасап, бул жагдайга комментарий берди.

“Эч ким рубль менен төлөбөйт”, — деген анын сөзүн РИА Новости жазды.

Ал эми Италиянын премьер-министри Марио Драги төлөмдөрдү рублга өткөрүүнү келишимдерди бузуу болуп саналарын билдирген.

23-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин Москва “дос эмес өлкөлөргө” газды жеткирүүдө төлөмдү рубль менен гана кабыл аларын билдирген.

Анын айтымында, товарларды Евробиримдикке, АКШга  жеткирип, төлөмдү доллар , евро жана башка бир катар валюталар менен алуунун мааниси жок.

Ал өкмөткө жана Борбордук банкка бир жуманын ичинде операцияларды рубль менен жүргүзүүнүн тартибин аныктоону тапшырган.

Ал Орусия буга чейин түзүлгөн келишимдерде белгиленген көлөмгө жана баа принциптерине ылайык жаратылыш газын жеткирүүнү уланта берерин баса белгилеген.

Комментарий жиберүү