Дагы 100 тонна гумжардам: Орусия Украинанын карапайым жарандарына жардам жеткирүүнү улантууда

Орус аскерлери Харьков облусунун Чугуевский районундагы конуштардын тургундарына жүз тоннага жакын гуманитардык жардам жеткиришти.

Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.

“Харьков облусунун Чугуев районунун бошотулган конуштарындагы жергиликтүү тургундар үчүн Орусиядан дагы бир гуманитардык жардам жиберилди. Аскерлердин коштоосунда Белгород облусундагы чек ара бекети аркылуу жалпы көлөмү 100 тоннага жакын гуманитардык жүктүн партиясы жеткирилди”, – деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө.

 Маалыматка караганда, гумжардамдын ичинде азык-түлүк, балдар үчүн тамак-аштар, медициналык мекемелер үчүн дары-дармектер бар. Гуманитардык жүк балдар үйлөрүнө жана жардамга муктаж тургундарга өткөрүлүп берилген.

Белгилей кетсек, 24-февралда Орусия Украинаны демилитаризациялоо жана денацификацииялоо боюнча атайын аскердик операциясын баштаган. Президент Владимир Путин мындай чечимге келүүнүн максатын “сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо” деп атады. Коргоо министрлиги куралдуу күчтөр аскердик инфраструктурага жана украин аскерлерине гана сокку уруп жатканын билдирүүдө.

Комментарий жиберүү