Дарыгер «омикрон» балдар үчүн коркунучтуу экенин эскертти

Коронавирустун омикрон штаммы көбүнчө балдардын бронхасына таасир этет, бул баланы ооруканага, анын ичинде реанимацияга жатуусун талап кылышы мүмкүн.

Бул тууралуу Орусиянын Роспотребнадзор кызматынын Борбордук эпидемиология илимий-изилдөө институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары, Жугуштуу оорулардын улуттук илимий коомунун төрагасы Александр Горелов билдиргенин өлкөнүн маалымат каражаттары жазышты.

Буга чейин, ал  омикрон штаммы пайда болгондон бери балдардын арасында коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 10-15%га чейин өскөнүн айткан.

“Балдарда оорунун жүрүшүнүн айрым өзгөчөлүктөрү аныкталган. Оору стереотиптүү башталат, бирок көбүнчө бронхиолиттин пайда болушу байкалууда, ал милдеттүү медициналык жардамды, кээде ооруканага, анын ичинде реанимация бөлүмүнө жаткырууну талап кылат. Мындан тышкары, ар бир үчүнчү баланын ичи өтүп жатат” – деди Горелов.

Инфекционисттин айтымында, көбүнчө мындай патологиялар эки жаштан беш жашка чейинки балдарда кездешет.

Горелов ошондой эле балдарга кайрадан коронавирус жуктуруп алуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылбасын баса белгиледи.

Коронавирустун омикрон штамы же B.1.1.529 2021-жылдын ноябрь айында Ботсванада жана Түштүк Африкада табылган. Адистердин айтымында, ооруп, эмдөө алгандар да аны жуктуруп алышы мүмкүн. Бирок, ал мурунку дельта штаммына караганда тезирээк жайылганы менен жеңил өтөт.

Комментарий жиберүү