Донбасста жана Херсондо Орусияга кошулуу тууралуу референдум өтөт


Украинанын чыгышындагы жикчил аймактарда жана орус армиясы көзөмөлдөп турган Херсон облусунда Орусияга кошулуу тууралуу референдумдун датасы жарыяланды. Жергиликтүү орусиячыл бийлик 23-27-сентябрь күндөрү өткөрүүнү боолгоп жатат.

Расмий Киев бир нече мындай мыйзамсыз добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген.

Шейшемби, 20-сентябрда Донецк жана Луганск “элдик республикаларынын” депутаттары тиешелүү мыйзамды кабыл алып, ага жикчил аймактардын жетекчилери кол коюшту.

Луганск облусунун көп бөлүгү жикчилдердин көзөмөлүндө болсо, Донецк облусунун бир катар ири шаарлары Украинанын карамагында.

Ушул эле күнү Херсон облусунда да референдум өтөрүн аймактын орусиячыл жетекчиси Владимир Сальдо билдирди.

Орусиянын Мамдумасынын спикери Вячеслав Володин парламенттин жыйынында депутаттар “ДНР” менен «ЛНР» дин өлкөгө кошулуусун колдоп берерин айтты.

2014-жылы Орусия Украинага караштуу Крым жарым аралын аннексиялап алган. Ошол эле жылы Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы Москвага таянган жикчилдер “Референдум” делген добуш берүү өткөрүп, өздөрүн-өздөрү “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан.

Эки аймакты тең Орусиядан башка эч ким мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп аталат.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү