Донбасстын жашоочулары массалык түрдө эвакуацияланат

Украина тараптан кол салуу коркунучунан улам Донецк жана Луганск Эл Республикаларынын калкы массалык түрдө Орусияга эвакуацияланат.

Мындай билдирүүнү Донецк Эл Республикасынын жетекчиси Денис Пушилин билдиргенин орусиялык басылмалар жазышты.

Анын айтымында, Орусия бийлиги менен болгон макулдашуунун негизинде Донецк жана Луганск элине Ростов облусунан орун бөлүнүп, чек ара пункттарынан тез өтүү үчүн шарттар түзүлгөн.

Пушилин  Киев бийлиги чуулуу аймакка улам аскерлерин тартып жатканын жана Украинанын куралдуу күчтөрүнө жакынкы аралыкта аймакка кол салуу боюнча буйрук берилерин айтты.

“Украинанын президенти Владимир Зеленский жакынкы аралыкта аскерлерге Донецк менен Луганск Эл Республикаларына кол салууга буйрук берет”, – деди ал.

Маалыматка караганда, Орусиянын президенти Владимир Путин Донбасстан Ростов облусуна келген ар бир качкынга 10 миң рублдан төлөп берүүнү тапшырып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысынын милдетин аткаруучу Александр Чуприянды аймакка жөнөткөн.

Белгилей кетсек, бейшемби күнү эртең менен Украинанын чыгышындагы чек ара сызыгында кырдаал курчуп, Донецк менен Луганск Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аткылоосу акыркы айларда күчөп жатканын билдиришкен. Каза болгондор тууралуу маалымат берилген эмес, бир карапайым тургун жарадар болуп, айрым жарандык объектилер жабыркаганы айтылган.

Комментарий жиберүү