Донбасс, Херсон жана Запорожье облустарында аскердик абал киргизилди

 Россиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында РФге кошулган төрт аймакта – Донецк жана Луганск элдик республикаларында, Запорожье жана Херсон облустарында аскердик абалды киргизүү тууралуу жарлыкка кол койгонун билдирди.

Аскердик абал канча убакытка киргизилери тактала элек. Мындай чечим Украинадан келип жаткан “террордук коркунучтарга” байланыштуу кабыл алынды.

“ДЭР, ЛЭР, Запорожье жана Херсон облустары Россияга кошулганга чейин эле бул аймактарда аскердик абал болгон. Эми биз бул режимди Россиянын мыйзамдарынын алкагында жасашыбыз керек. Ошондуктан мен Россия Федерациясынын бул төрт субъектисинде аскердик абалды киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койдум”, – деди Путин.

Анын айтымында, жарлык дароо Федерация Кеңешинин бекитүүсүнө жөнөтүлөт.

Кремлдин сайтында жарыяланган жарлыкка ылайык, аскердик абал бүгүн, 20-октябрдан тарта күчүнө кирет.

Кечээ, 18-октябрда орус аскерлеринин аскерий операциясынын командачысы Сергей Суровикин Херсон облусунда Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан тыюу салынган согуш ыкмаларын колдонуу ыктымалдыгы тууралуу далилдер бар экенин билдирген.

Мындан улам Херсон облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Владимир Сальдо жергиликтүү калк Днепрдин сол жээгине эвакуациялоо баштаганын билдирди. Эвакуациялоо иштерине болжол менен алты күндо аяктап, кооптуу делген жерден 50-60 миң адам чыгарылат.

Кечээ, 19-октябрда Херсон облусунун бийлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн чабуулу башталганын жарыялады.

Комментарий жиберүү