ДССУ:Адамзат мындан ары коронавирус менен жашаганга көнүшү керек

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту толугу менен жок кылуу келечекте мүмкүн эместигин билдирди.

 ДССУнун өкүлү, доктор Дэвид Набарронун айтымында, вакциналардын же дары-дармектердин жардамы менен коронавирус жок болот деп үмүттөнүүнүн кажети жок.
 «Адамдар ушул вирус менен жашоону үйрөнүшү керек болот. Жаңы штаммдар пайда болот, оорулардын башталышы жана инфекциянын жаңы очоктору пайда болот, биз буга көнүшүбүз керек », – деди доктор Набарро Sky News каналына берген маегинде.
 Анын айтымында, бүткүл дүйнө жаңы штаммдардын пайда болушуна таң калычтуу нерсе эмес,  бул жакынкы келечекте дайыма болуп тура турган нерсе.
Белгилей кетсек, Америкалык Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, пандемия учурунда дээрлик 173 млн. адам коронавирус менен ооруган жана алардын 3,7 миллиондон ашууну каза болгон жана буга чейин 2 миллиарддан ашык бейтапка эмдөө жасалган.

Комментарий жиберүү