ДССУ Нобель сыйлыгына көрсөтүлдү

Ослодогу норвегиялык Нобель комитети Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун коронавируска каршы вакцинаны адилеттүү бөлүштүрүү аракети үчүн Нобель сыйлыгына көрсөтүүнү жактырды.

Бул тууралуу “Yjc” агенттиги “Reuters” МА шилтеме берип кабарлады. Быйыл Нобель тынчтык сыйлыгына ДССУ, орусиялык оппозициячыл Алексей Навальный жана экологиялык активист Грета Тунберг көрсөтүлдү.

Үч талапкерди тең Норвегиянын мыйзам чыграуучулары колдошту. Башка талапкерлердин катарында АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп, НАТО жана БУУнун Качкындар иши боюнча агенттиги да бар. Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаттарынын тизмеси октябрь айында гана жарыяланат.

Комментарий жиберүү