Душанбеде КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтөт

Бүгүн, 13-майда Душанбеде Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны өтөт.

Орусия ТИМ башчысы Сергей Лавров Душанбеге 11-май күнү кечинде эле келген.

Жыйынга Тажикстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Молдова жана Орусиянын тышкы иштер министрлери, Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу жана Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары катышат.

«Ховар» маалымат агенттиги жыйындын катышуучулары КМШ алкагында кызматташуунун келечектерин талкуулап, эл аралык коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл буруларын кабарлады. Жыйында Украинадагы абал талкууланат.

Орусия ТИМи Сергей Лавров Душанбеде бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрүн билдирди.

Комментарий жиберүү