Дүйнөдөгү эң коопсуз шаар кайсы?

Эксперттер дүйнөдөгү эң коопсуз шаарды аташты.

The Economist журналы дүйнөдөгү эң коопсуз шаарлардын жаңы рейтингин жарыялады.
Белгилей кетсек, эксперттер жыл сайын коопсуздуктун индексин категорияларга байланыштуу 76 критерийдин негизинде эсептешет.
Алар: ден соолук, жеке коопсуздук, санариптик маалыматтарды коргоо, инфраструктура жана экологиялык коопсуздуктар.
 Бул критерийлердин негизинде Даниянын борбору Копенгаген 2021-жылы дүйнөдөгү эң коопсуз шаар деп жарыяланган.
Андан кийин Торонто (Канада) жана Сингапур (Сингапур) турат.
Биринчи ондукка ошондой эле Сидней (Австралия), Токио (Япония), Амстердам (Нидерланд), Веллингтон (Жаңы Зеландия), Гонконг (Кытай), Мельбурн (Австралия) жана Стокгольм (Швеция) кирген.
Эске салсак, рейтингге жалпысынан 60 шаар кирген, бирок Бишкек бул тизмеге кирген эмес.

Комментарий жиберүү