Дүйнөдөгү эң коопсуз өлкө кайсы?

Австралиянын Экономика жана Тынчтык Институту түзгөн дүйнө өлкөлөрүнүн тынчтыктын жылдык рейтингинде курал-жарак эң көп импорттогон өлкөлөрдүн тизмеси жарыяланган.

Бул жаатта Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Түркмөнстан курал-жарак импорттоо боюнча алдыга чыккан. Ошондой эле курал импортунун эң чоң өсүшү Арменияда, Түркмөнстанда жана Катарда катталган. Жалпысынан бул көрсөткүч изилдөөдө чагылдырылган 163 өлкөнүн 92синде жогорулап, орточо өсүш 4%ды түздү.
Албетте, 2021 -жылы курал импорту боюнча көрсөткүчтөрдүн эң начарлашы бүткүл дүйнөдө байкалат.
Жалпысынан Түркмөнстан 2154 упай топтоп, тынчтык рейтингинде 109 -орунду ээледи (канчалык көп упай болсо, агрессиянын деңгээли ошончолук жогору).
Бул бардык Борбор Азия өлкөлөрүнүн эң начар көрсөткүчү.
Ал эми, Тажикстан 2,095 упай менен 97-орунда, Өзбекстан-2,062 упай менен 90 -орунда, Кыргызстан-1,998 упай менен 76 -орунда, Казакстан – 1,936 упай менен 67-орунда болду.
Ошондой эле, Орусия 2,993 упай менен 154-орунду, АКШ 2,337 упай менен 122-орунду ээледи.
Акыркы орун 3631 упай менен Ооганстанга, ал эми Исландия 1,1 балл менен дүйнөдөгү эң тынч өлкө деп табылды.

Комментарий жиберүү