Дүйнөдөгү 500миллиардердин жоготкон акчасы эле АКШнын бир жылдык бюджетине жакындады

Бул тууралуу Bloomberg басылмасында жарыяланган иликтөөдө айтылат.

Банкроттуулук тооруган байлардын катарында Tesla жана SpaceX компаниясынын ээси Илон Маск, Amazonдун негиздөөчүсү Джефф Безос жана Meta компаниясынын жетекчиси Марк Цукербергдер бар.

Мисалы, Bloombergдин рейтингинде биринчи орунду бербей келген Илон Маск жыл башынан бери эң көп акча жоготкондордун да биринчисин берген жок. Ал ушул жылы 86,6 миллиард доллардан ашык каражатын жоготкон.

Ал эми Amazonдун ээси Джефф Безос быйыл 70 миллиард доллардан ашык жоготуп, Масктан кийинки экинчи орунду ээледи. Бирок жакында эле ал 10 миллиард доллардан ашык акча кайра тапты.

Алдыңкы бештикти дүйнөдөгү эң ири программалык камсыздоочу Microsoftтун негиздөөчүсү Билл Гейтс ээледи. Анын байлыгы 112 миллиард долларды түзөт. Жыл ичиндеги жоготуулар 23,3 миллиард долларды түздү.

Франциянын эң бай адамы LVMH (Louis Vuitton Moet Hennessy) компаниясынын ээси Бернар Арнолддун байлыгы 153 миллиард долларды түзсө, анын бул жылдагы жоготкон акчасы 24,8 миллиард доллар болгон.

Ал эми 2022-жылдын февраль айынын аягынан бери, Украинадагы согуш башталгандан бери орусиялык ишкерлер 93 миллиард доллардан ашык чыгымга учурашкан.

Бүгүн Жо Байден АКШнын 2023-финансы жылы үчүн 1,7 триллион долларлык бюджеттик мыйзам долбооруна кол койду. Демек, дүйнөдөгү 500 миллиардердин жоготкон акчасы эле АКШнын бир жылдык бюджетине жакындай түшкөн.

Комментарий жиберүү