Дүйнөдө ар бир онунчу бала эрте жашынан жумушчу болууда

Дүйнөдө иштеген балдардын саны акыркы 4 жылда 8,4 миллионго көбөйүп, 160 миллионго жетти.

Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фонду ЮНИСЕФ жана Эл аралык Эмгек Уюму биргеликте жарыялаган отчётто дүйнө жүзү боюнча ар бир онунчу баланын жумушчу болуп иштегендиги билдирилди.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын башында дүйнө жүзү боюнча 63 млн. кыз жана 97 млн.  эркек бала эмгектенген.
Ал эми, акыркы 20 жылда биринчи жолу балдар эмгегине бөгөт коюу боюнча иш-аракеттер токтоп калган.
Отчётто коркунучтуу жумуштарда иштеген, жашы 5–17 арасындагы  балдардын саны 2016-жылдан тарта 6,5 миллионго өсүп, 79 миллионго жеткендиги баса белгиленди.
Мындай көрсөткүч коронавирустун  айынан экономикалык көйгөйлөр жана мектептердин жабылышы да бала жумушчулардын иштөө сааты узартылганынан улам чыкканы маалым.
Бул уюмдун отчетунда 2022-жылдын аягына чейин жумушчу балдардын саны дагы 9 миллионго көбөйүшү мүмкүн экендиги эскертилди.

Комментарий жиберүү