Дүйнөдө коронавирустун кайсыл түрү кеңири жайылган?

Корона вирустун индиялык штаммы дүйнөдө басымдуулук кылып жатат.

Бул тууралуу Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы дарыгери Анна Попова Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда билдирди.
Анын айтымында, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун Улуу Британияда, Түштүк Африкада, Бразилияда жана Индияда пайда болгон штаммдарын илдеттин негизги төрт түрү деп аныктаган жана бүгүнкү күндө индиялык штаммы дүйнөдө эң көп тараган.
Эскерте кетсек, апрель айында Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги биздин өлкөдө британ, индиялык, түштүк африкалык жана орусиялык штаммдар бар экенин маалымдаган.
Индиялык штамм расмий түрдө B1617 деп аталат. Аны алгач өткөн жылдын октябрь айында Индияда аныкташкан. Май айында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Индияда аныкталган коронавирустун жаңы түрүн “кооптуу” деп тапкан.

Комментарий жиберүү