Дүйнөдө коронавирус жете элек төрт гана өлкө калды

Пандемия географиясы кеңейүүдө: дүйнө жүзү боюнча вирус жуктурган 279 миллиондон ашык учур тастыкталды. Вирус улам-улам мутацияланууда, ДССУнун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө жаңы омикрон штаммы 110 өлкөдө катталды. Бирок картада вирус жете элек жерлер да бар. Расмий маалыматтар боюнча, дүйнөдө коронавирус жетпеген төрт өлкө бар.

Постсоветтик мейкиндикте, расмий маалыматтар боюнча, бир дагы COVID-19 учуру катталбаган жалгыз мамлекет бул Түркмөнстан экенин RG басылмасы жазды.

Пандемия башталганда жергиликтүү бийликтер өлкөгө кирүүгө жана жүк ташууларга катуу чектөөлөрдү киргизген. Июль айынын башында 18 жаштан жогорку бардык тургундар үчүн коронавирустук инфекцияга каршы милдеттүү түрдө эмдөө жүргүзүү кампаниясы башталган. Бул үчүн орусиялык “Спутник V”, “EpiVacCorona” препараттары жана кытайлык “CoronaVac” вакцинасы колдонулууда. Республикада учурга чейин калктын 80%ы эмдөөдөн өттү.

Дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири – Түндүк Кореяда да бир дагы коронавирус инфекциясы каттала элек. Пандемияга каршы күрөштө өлкө жетекчилиги эң катаал карантинге басым жасады. КЭДР биринчилерден болуп COVID-19га каршы чектөөлөрдү киргизе баштады – февраль айында жүргүнчүлөрдү ташуу иш жүзүндө токтоп, чет өлкөдөн келген товарларды массалык түрдө дезинфекциялоо иштери башталган.

Башка талаптар да коюлган: коомдук тамактануу жайларында беш адамдан ашык компания чогулбайт, саат 21:00гө чейин чыгып кетиш керек, ошондой эле ар дайым беткап тагынуу, колду дезинфекциялоо жана ар бир кире бериште термометрлер коюлган.

Өлкө эмдөөгө олуттуу мамиле кылат. 24-декабрда COVAX компаниясы КЭДРге 1,29 миллион доза вакцинаны берип, бөлүнгөн вакциналардын жалпы санын 8,12 миллионго чейин жеткирери белгилүү болгон.

Акыркы убакка чейин Океаниянын арал мамлекеттери обочолонгондуктан коопсуз деп саналып келген, бирок коронавирус аларга да жеткен. Октябрдын аягында Тонга Королдугунда COVID-19дун биринчи учуру катталган – инфекция өлкөгө Жаңы Зеландиядан келген туристтен тастыкталган. Ошентсе да, ДССУнун маалыматы боюнча, коронавирус жете элек эки өлкө бар.

Алардын бири Науру. Бул кичинекей өлкөдө болгону 10 930 адам жашайт.  Өлкөдө эки мамлекеттик оорукана бар, аларды 14 гана квалификациялуу жалпы практикалык дарыгерлер тейлейт. Өлкөнүн лидери Лайонел Энгимея айткандай, мындай шарттарда коронавирустун өлкөгө кириши кыйратуучу болмок. Ошондуктан, пандемия башталганда өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилип – өлкөгө кирген чет элдиктер эки жумалык карантинди сактоого милдеттүү болуп,  башка мамлекеттер менен аба каттамдары кыскартылган.

Калкты эмдөө өнөктүгү да активдүү жүрдү. Натыйжада үстүбүздөгү жылдын май айында Науру бийлиги өлкө калкынын 108%ын эмдөөдөн өткөрүп, дүйнөлүк рекордду жаңыртканын жарыялаган. Өлкөдө калкты да, туристтерди да эмдөө үчүн вакцина жетиштүү болгон.

Коронавирус аныкталбаган төртүнчү өлкө – Полинезиядагы Тувалу өлкөсү. Өлкөгө жылына 200дөн ашык турист келбейт, ошого карабастан, 2020-жылдын март айында мамлекет пандемиянын жайылышына каршы күрөшүүнү баштаган. Өзгөчө кырдаал жарыяланып, өлкөгө кирүүгө чектөө жана карантин киргизилген. Чек аралар өтө маанилүү жүктөрдү жеткирүүчү кемелер жана учактар үчүн гана ачык бойдон калган.

Учурда Тувалуда калктын 49,9%ы эмдөөдөн өткөн. Өлкөгө кирүү үчүн толук эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу күбөлүк, ПЦР тесттин терс жыйынтыгы, учуу маршруту жана акыркы алты айда барган өлкөлөр тууралуу маалыматтарды берүү, ошондой эле 14 күндүк карантинди сактоо керек.

Комментарий жиберүү