Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 100 миллиондон ашты

Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө короновирусту жуктуруп алгандардын саны 100 миллиондон ашты.

Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги маалымдады.
Белгилей кетсек, Хопкинс университети федералдык жана жергиликтүү бийлик органдарынын, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана башка булактардын маалыматтары боюнча өз маалыматын жарыялайт.
Университеттин акыркы маалыматына ылайык, дүйнө жүзү боюнча коронавирус менен ооругандардын саны 100 млн. 32 мин 461ге жетти. Алардын ичинен 2 млн. 149 мин 385 адам каза тапты. Илдеттен 55 миллиондон ашык адам айыкты.
Эскерте кетеск, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2020-жылдын 11-мартында COVID-19ду глобалдык эпидемия деп жарыялаган.

Комментарий жиберүү