Дүйнөдө маймыл чечеги жайылып жатат. Жаңы пандемия чыгабы?

Май айынын башында АКШда, Европанын бир катар өлкөлөрүндө, ошондой эле Австралияда маймыл чечегинин ондогон кишилерге жуккан жаңы учурлары катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Биринчи учурлар Улуу Британияда катталганы, андан кийин Португалия, АКШ, Швеция, Канада жана башка өлкөлөрдө да аныкталганы белгилүү болду.

20-майда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму чукул жыйынга чогулуп, инфекциянын жайылышы боюнча учурдагы кырдаалды талкуулады.

Маймыл чечеги деген эмне? Ал кооптуубу?

Маймыл чечек – вирустук оору, илдет адатта 1980-жылы эмдөө аркылуу жок кылынган чечек илдетине (натуральная оспа) караганда бир топ жеңилирээк өтөт. Ал алгач 1958-жылы маймылдардан аныкталган үчүн ушундай аталыш алып калган.

Маймыл чечеги эт ысып, баш катуу ооруп, лимфа түйүндөрү сезгенип, булчуңдардын оорушу жана катуу чарчоо менен башталат.

Дене табы көтөрүлгөндөн бир-үч күндөн кийин адамдын денесин ыйлакча түрүндөгү жарааттар каптай баштайт – айрыкча алар бет, кол, бут, былжыр челдерде жана көздө да пайда болушу мүмкүн. Адатта вирусту жуктурган бейтаптар эки-төрт жуманын ичинде айыгып кетишет.

Инфекция Африканын борбордук жана батыш бөлүгүндөгү алыскы райондордо көбүрөөк тараган. Башка өлкөлөрдүн жарандары бул аймакка барып, жуктуруп кеткен болушу мүмкүн деп айтылып жатат.

Британияда биринчи учур 7-майда аныкталган. Вирус алгач аныкталган бейтаптын маймыл чечеги кеңири тараган Нигерияга барып келгени белгилүү болгон. Бирок ал Африкага барып келгенден  кийин кийинчерээк инфекция аныкталган башка адамдар менен байланышта болгон эместиги аныкталды. Ал адамдар чет өлкөгө дагы чыккан эмес.

Жаңы пандемия чыгышы мүмкүнбү?

Бүгүнкү күндө пандемиянын алдын алууга жардам бере турган дары-дармектер жана вакциналар бар. Атап айтканда, дүйнөдө чечекке каршы бир нече вакциналар катталган жана алар маймыл чечегинен да коргошу керек – же жок дегенде оорунун жүрүшүн жеңилдетет. Анын үстүнө, бул вирус адамдан адамга оңою менен жукпайт.

Комментарий жиберүү