Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму сырдуу гепатиттен 228 баланын каза болгондугун билдирди

Истербрук бейтаптардын эч биринде  белгилүү болгон гепатит А, B, C, D менен Енин жок экендигин, Ковид  – 19  вакцинасынын вирус менен байланышынын жок экендигин кайталады.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму  Британияда пайда болгон жана кийинчерээк көптөгөн өлкөлөргө жайылган  сырдуу гепатит менен ооруган балдардын саны 228ге жеткенин жарыялады.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму ВИЧ, гепатит жана жыныстык жол аркылуу жуккан инфекциялар программасынын изилдөөчүсү доктор Филипп Истербрук уюмдун Женевадагы борборунда өткөргөн   пресс  – жыйынында  журналисттердин гепатит тууралуу суроолоруна жооп берди. Ушул кезге чейин 20 өлкөдөн кеминде 228 гепатит бейтабынын аныкталгандыгын билдирген Истербрук борборго билдирилген  50 бейтаптын  иликтенип жаткандыгын айтты. 

Истербрук сырдуу непатиттен  улам 1 өлүмдүн болгондугун кайталап, өлкөлөрдөн келген гепатиттен улам өлүмдөрдүн изилденип жаткандыгын баса белгиледи. 

Индонезиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги 2 –  майда сырдуу гепатит вирусу аныкталган 3 баланын ооруканада каза болгондугун билдирген. 

Ушул кезге чейин вирус табылган 18 баланын боордон жапа чеккендиги жана боор трансплатациялангандыгын  айткан Истербрук : “Вирустун булагына байланыштуу жугуштуу  же жугуштуу болбогон бардык себептерди изилдеп жатабыз. Ушул кезге чейин бул вирустун  кандайдыр бир  аймак, азык  – түлүк же уудан улам чыккандыгына байланыштуу эч нерсе табылган жок”,- деди.

Истербрук бейтаптардын эч биринде  белгилүү болгон гепатит А, B, C, D менен Енин жок экендигин, Ковид  – 19  вакцинасынын вирус менен байланышынын жок экендигин кайталады. 

Комментарий жиберүү