Дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 132 миллиондон ашты

Коронавирустун мутацияланган штаммдарынын жайылышынан кийин дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө кырдаал начарлап, бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 132 миллиондон ашты.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, “Worldometer” веб-сайты дүйшөмбү күнү кечинде дүйнөдө COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны 132 миллиондон ашканын билдирди.
Маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча 132 242 572 адам вирус жуктуруп, алардын ичинен 2 869 888 адам көз жумган. Ал эми, 106 456 839 адам илдеттен айыгышкан.
Вирус кенири жайылган өлкөлөрдүн ичинен жуктуруулардын саны боюнча АКШ дүйнө жүзү боюнча алдыда жана илдет менен ооруган адамдардын саны 314 34 467ге жетти. Андан каза болгондордун саны 568 894 адамды түздү жана вирустан өлүм эң көп катталган өлкө болуп саналат.
Статистика көрсөткөндөй, дүйнө жүзүндө бул илдетке чалдыккан адамдардын 23,79 пайызы АКШга туура келет. Андан кийин Бразилия он үч миллионго жакын оорулуу менен экинчи орунда турат же жалпы бейтаптардын 9,83 пайызын түзөт. Алардын артынан Индия дүйнө жүзүндө коронавирус жуктурган адамдардын жалпы санынын болжол менен 9,60 пайызын түзөт же башкача айтканда он эки миллион жети жүз миң адам ооруган.

Комментарий жиберүү