Дүйнө тарыхында биринчи жолу качкындардын саны 100 миллионго жетти

Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын башкармалыгынын билдирүүсүндө айтылат.

“Жүз миллион – бул олуттуу көрсөткүч. Бул рекрод эч качан коюлбашы керек болчу”, – деди БУУнун Качкындар иши боюнча Жогорку комиссары Филиппо Гранди.

Анын айтымында, бул кырдаал “кыйратуучу чыр-чатактарды чечүү жана алдын алуу, куугунтуктоону токтотуу жана бейкүнөө адамдарды үйлөрүн таштап кетүүгө мажбурлаган түпкү себептерди жоюу үчүн коңгуроо болушу керек”.

Аталган комиссарлыктын маалыматы боюнча, 2021-жылдын аягына карата Эфиопия, Буркина-Фасо, Мьянма, Нигерия, Ооганстан жана Конгодогу чыр-чатактардан улам дүйнө жүзү боюнча аргасыз жер которгон адамдардын саны 90 миллионго жеткен.

2022-жылы аларга Украинадагы жаңжал кошулуп, өлкөдөн (БУУ маалыматы боюнча, 6 миллион адам) жана өлкө ичинде (8 миллион) адам жер которгон.

Дүйнө жүзү боюнча 100 миллиондон ашык качкындардын 53 миллиону жаңжал болуп жаткан аймактын чегине жер которууга аргасыз болушкан.

БУУнун маалыматы боюнча, 20-майга карата Орусиянын Украинадагы атайын аскердик операциясы башталгандан бери өлкөдөн чыгып кеткен украиналыктардын саны 6 миллион 444 миң адамды түздү.

Алардын басымдуу бөлүгү Польшага – 3 миллион 463 миң,  Румынияга – 943 миң, Орусияга – 887 миң, Венгрияга – 633 миң, Молдовага – 468 миң, Словакияга – 435 миң, Беларусияга – 27 миң адам кеткен.

Комментарий жиберүү