Дүйнө тынчсызданган «омикрон» штаммы 23 өлкөдө аныкталды

Коронавирус инфекциясынын жаңы “Омикрон” штаммы дүйнөнүн 23 өлкөсүндө табылганын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус билдирди.

“Кеминде 23 өлкө жаңы штамм аныкталганын билдирди. Алардын саны өсүшү мүмкүн”, – деди уюмдун жетекчиси брифинг учурунда.

ДССУнун мүчөсү Мария Ван Керкхове өз кезегинде омикрондун жугуштуулугу тууралуу көбүрөөк маалыматтар жакынкы күндөрү пайда болоорун айтты.

“Биз бул жаңы вариант эмне экенин эми гана түшүнө баштадык. Бизде толук маалымат жок, бирок бул штамм тез жайылат деген ыктымалдар бар”, – деди ал.

Коронавирустун B.1.1.529 аттуу жаңы штаммы пайда болгондугу ноябрдын жыйырмаларында  белгилүү болгон. Ал Түштүк Африкадагы Ботсвана өлкөсүндө аныкталган. ДССУ аны  “тынчсызданткан вариант” деп белгилеп, ага “Омикрон” деген аталыш берген.

Комментарий жиберүү