Дүйнө элинин эпосторунун фестивалынын ачылышынан сүрөттөр

Бүгүн  Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын алдында Дүйнө элдеринин эпосторунун VI Эл аралык фестивалы салтанаттуу түрдө ачылды.

Анын алкагында  “Кыргыз көчү” этношаарчасы ачылып, “Түндүк көтөрүү” салты көрсөтүлүп, улуттук “Көчмөндөр оюндары” ойнотулат. Фестивалда дүйнө элдеринин улуттук ашканалары көргөзмөгө коюлду.

Фестивалга Казакстан, Өзбекстан, Орусия (Хакасия, Тоолуу Алтай, Тыва, Калмыкия, Саха- Якутия, Башкортостан, Новосибирск, Абхазия ж.б.), Азербайжан, Армения, Белоруссия, Лативия, Эстония, АКШ, Иран жана Франциянынын белгилүү окумуштуулары, эпос таануучулары жана өнөр адамдары келишкен.

Маданий иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана улуу акын Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналат.

Эске салсак, аталган фестиваль 2006-жылдан бери өтүп келет. Ал эми 2021-жылы өтүп жаткан фестивалды Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, “‘Манас жана Ч. Айтматов Улуттук академиясы жана “Арт Араба” коомдук фонду биргеликте өткөрүүдө.

Комментарий жиберүү