ЕБ Борбор Азия аркылуу Россияны айланып өтчү транспорттук коридорлорду өнүктүрөт

Европа Биримдиги (ЕБ) менен Борбор Азия өлкөлөрү Россияны айланып өтчү транспорттук коридорлорду өнүктүрүү боюнча кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар.

Бул тууралуу ЕБдин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель билдирди.

Анын айтымында, Борбор Азия өлкөлөрү Евробиримдикти “эң ылайыктуу өнөктөш” деп эсептейт. Өз кезегинде ЕБ чөлкөмдөгү мамлекеттер менен мамилесин бекемдөөгө кызыкдар.

Боррелль ЕБ менен Борбор Азиянын ортосундагы мамилелер чың эмес экенин белгиледи. “Борбор Азия өлкөлөрү Европанын жана дүйнөнүн базарларына Россиянын аймагы аркылуу гана чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бирок ашыкча көз карандуулуктун жана тандоонун жоктугунун баасы өтө чоң болот. Биз муну өз тажрыйбабызда көрдүк”, – деди Боррель.

Өз сөзүндө ал негизинен Кытай менен Европаны Казакстан, Азербайжан, Грузия жана Түркия аркылуу байланыштырган Транскаспий коридору жөнүндө сөз кылды. Боррель белгилегендей, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы бул коридордун техникалык-экономикалык негиздемесинин үстүндө иштеп жатат.

Боррель Россия менен Кытай Борбор Азияда “маанилүү роль ойной турганын”, бирок Евробиримдик аймактын “негизги соода жана инвестициялык өнөктөшү” экенин кошумчалады. Ал ЕБ акыркы он жылда Борбор Азияга 100 миллиард евродон ашык инвестиция салганын, бул Россия менен Кытайга караганда “бир топ көп” экенин белгиледи. Биримдик дагы 300 миллиард еврого чейин бөлүүнү пландоодо.

Россия Украинага басып киргенден кийин Батыш өлкөлөрү киргизген санкциялардан улам Россия Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну күчөткөн. 2022-жылдын октябрында Россия – Борбор Азия форматындагы биринчи саммит өтүп, анда орус президенти Владимир Путин “Россия Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикасынын алдыңкы инвестору: биздин түз инвестициялардын жалпы көлөмү беш миллиард долларга жакын”,- деп билдирген.

Комментарий жиберүү