Евробиримдик Украинага согуштук учактарды берүүнү көздөп жатат

Евробиримдик Украинага жарыяланган аскердик жардамдын алкагында бул өлкөгө согуштук учактарды берүүнү көздөп жатат.

Бул тууралуу Евробиримдиктин дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррелль билдирди.

“Биз курал-жарактарды, анын ичинде согуштук учактарды жеткирүүгө ниеттенип жатабыз”, – деди Боррелль.

ЕБтин тышкы иштер министрлеринин катышуусунда өткөн видеоконференциянын жыйынтыгы боюнча брифингде.

Буга чейин ал Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Украинанын армиясына болуп көрбөгөндөй жардам, анын ичинде 450 миллион евро суммадагы курал-жарак, ошондой эле 50 миллион евро өлчөмүндөгү жабдууларды жеткирүүнү каржылоону макулдашканын билдирген.

Ал Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрү эки тараптуу негизде да Украинанын аскер күчтөрүнө куралдарды берерин билдирди.

Боррелдин айтымында, Евробиримдиктин коргоо министрлери жолугуп, украин армиясына курал-жарактарды кантип жеткирүүнү талкуулашат. 

Украина үчүн курал-жарак чогултуучу борбор Польша болот.

Комментарий жиберүү