Европадагы катуу ысыктын кесепетинен миңден ашуун адам каза болду

Европада ысыктан улам чыккан токой өртүндө 100 миң гектардан ашык аянт күйүп кетти.

Аптаптан улам Испания менен Португалияда каза болгондордун саны миңден ашты.

Европада ысыктан улам чыккан токой өртүндө 100 миң гектардан ашык аянт күйүп кетти.

Испания бийлиги өлкөдө катуу ысыктан улам 510 адам каза болгонун, ушул убакка чейин 70 миң гектардан ашуун жер күйүп кеткенин, бул акыркы 10 жылдагы эң жогорку көрсөткүч экенин билдирди.

Өткөн аптада Португалияда 47 градуска жеткен ысыктан 659 адам каза болду. Жаратылышты жана токой чарбасын коргоо институтунун маалыматы боюнча, быйыл Португалияда 39 миң 559 гектар жер күйгөн.

Франция бийлиги өлкөнүн түштүк-батышындагы Жиронде аймагында уланып жаткан токой өртүнүн 14 миң 800 гектар аянтты жок кылганын, 14 миңден ашуун кишинин аймактан эвакуацияланганын билдирди. Франциянын айрым аймактарында абанын температурасы 40 градустан жогору көтөрүлдү.

Европанын түштүгүндө башталып, түндүккө карай жылып кеткен ысык толкун Ирландия менен Англияга да таасирин тийгизди.

Ирландияда абанын температурасы 33,3 градуска чейин көтөрүлүшү менен акыркы 135 жылдагы эң жогорку аба температурасы катталды.

Англияда 16 жаштагы өспүрүм катуу ысыктан улам каза болду. Кечээ 38,1 деп эсептелген аба температурасынын өлкөдө биринчи жолу 40 градуска жете турганы болжолдонуп жатканда, кээ бир каттамдар жана темир жол каттамдары токтотулду.

Германия менен Бельгияда абанын температурасы 35 градуска чейин көтөрүлүп, кээ бир аймактарда 40 градуска чейин жетиши мүмкүн деп болжолдонууда.

Швейцария өкмөтү да өлкөнүн чоң бөлүгү олуттуу коркунучта экенин белгилеп, ысык толкуну боюнча эскертүү берди.

Комментарий жиберүү