Европа Биримдигинде Covid-19дун жаңы толкуну

EMA кызматкерлери Ковид-19 жана вакциналарга байланыштуу акыркы абал боюнча маалымат жыйын өткөрүштү.

Европа Биримдигинин (ЕБ) Дары-дармектерди жөнгө салуу агенттиги (EMA), ЕБнин Ковид-19нун жаңы толкунун башынан өткөрүп жатканын билдирди.

EMA кызматкерлери Ковид-19 жана вакциналарга байланыштуу акыркы абал боюнча маалымат жыйын өткөрүштү.

EMAнын вакцина стратегиясы боюнча жооптуу кызматкери Марко Кавалери, ЕБнин көптөгөн өлкөлөрүндө омикрон вариантынын өтө жугуштуу мутациялары себеп болгон Ковид-19дун жаңы толкуну болуп жатканын айтты.

BA.4 жана BA.5 мутацияларынын бардык континентте үстөмдүк кылышынын күтүлгөнүн белгилеген Кавалери: «Июль айынын аягына чейин берки бардык варианттардын ордун ээлеши мүмкүн»,- деди.

Кавалери, бул варианттар адамдарды вирустун мурунку штаммдарына караганда көбүрөөк оорутат деген далилдер жок болсо да, улгайган адамдар арасындагы жугуштун көбөйүшүнүн олуттуу ооруларга айлана баштаганын билдирди.

EMAнын апрель айында 80 жана андан жогорку жаштагы адамдарга экинчи вакцинаны алууну сунуш кылганын эске салган Кавалери, ЕБде экинчи кошумча дозалардын 60-79 жаштагы адамдарга жана “бардык курактагы медициналык жактан аялуу адамдарга” сунушталганын айтты.

Марко Кавалери: «Бул жаңы толкун ЕБ боюнча жайылып жаткандыктан, аялуу топторду коргоону улантуу жана эмдөөнүн кечиктирилишине жол бербөө керек»,-деди.

Комментарий жиберүү