Европа Биримдиги Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүүгө даяр

Европа Биримдиги учурдагы аймактык жана эки тараптуу программаларынын алкагында Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Бул тууралуу 30-апрелде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен телефон аркылуу кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жөнүндө  сүйлөшүү жүргүзгөн учурда белгилүү болду. Бул тууралуу КР ТИМ маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, министр Казакбаев кыргыз-тажик чек арасында ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашуу жетишилгенин жана Кыргызстан кырдаалды дипломатиялык жолдор менен жөнгө салууга ниетте экендигин билдирди. Министр 2021-жылдын 29-апрелиндеги окуялардын жүрүшү жана Кыргызстандын чек ара аймактарындагы учурдагы абал жөнүндө маалымат берди. Бишкектин эл аралык жана эки тараптуу милдеттенмелерди жана келишимдерди карманарын баса белгиледи.

Атайын өкүл Буриан тараптардын ок атышууну токтотуу макулдашуусун жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусу менен Тажикстан Республикасынын Согди облусунун чек ара аймактарындагы куралдуу чыр-чатакты ыкчам түрдө жөнгө салуу боюнча Протоколго кол коюусун кубаттады. Ошол эле учурда, ал кырдаалды тынчтык жөнгө салуудагы кыргыз тараптын салымын өзгөчө белгиледи.

Комментарий жиберүү