Европа кышка камдаган газын азыртадан эле жага баштады

Россиянын газ берүүнү токтотуусу Европаны кышында жагабыз деп сактап койгон көгүлтүр отун азыртан эле чекесинен пайдаланып баштоосуна мажбур кылды.

Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазганын РИА Новости маалымдады.

Газды жеткирүүнүн азайышы Франция, Италия, Австрия жана Германияга да таасирин тийгизди.

Бул Siemens газ куурларындагы оңдоп-түзөө көйгөйүнөн улам “Газпромдун” газ трубинасынын ишин токтотуу чечимине байланыштуу экени айтылды.

Европадагы жер алдындагы газ кампаларында сакталган көгүлтүр оттун көлөмү биринчи жолу апрель айында азайган. Маалыматтар боюнча резервдер бир пайыздык пунктка азайган.

Адатта жайында газды толуктап, кышында катуу суук башталганда пайдалануу үчүн сакташчу.

Wood Mackenzie Ltd. компаниясынын божомолдоруна караганда, эгер “Түштүк агым” толугу менен токтосо Европада жылытуу мезгилинин башталышына чейин Евробиримдик белгилеген деңгээлде газдын запастарын топтоо мүмкүн болбой калат. Мындай боло турган болсо январда эле көгүлтүр оттун кору түгөнөт.

Аптанын башында “Газпром” чектөөлөрдөн улам “Портовая” компрессордук станциясы “Түндүк агымга” суткасына мурда пландалган 167 миллиондун ордуна 100 миллион куб метрден гана газ бере аларын айткан. 

Немистердин Siemens компаниясынын агрегаттарында оңдоо иштери кечеңдеп жатканына байланыштуу, станцияда газды сордурган үч гана агрегатты колдонуу мүмкүн болуп жаткандыктан, Газпром келаткан шаршембиде “Портоваяда” дагы бир агрегатты иштетүүнү токтоторун билдирди.

Буга байланыштуу 16-июндан тарта суткасына 67 миллион куб метрден ашык газ жөнөтө алышпайт.

Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, антироссиялык санкциялардан улам газ түтүгүнүн иши үчүн колдонулган маанилүү тетиктер Канададагы техникалык тейлөөдөн кийин кайра келбей жатат.

Reuters агенттиги Канаданын Жаратылыш ресурстар министрлигине шилтеме берип, Оттава менен Берлин турбиналар боюнча сүйлөшүп жатканын жазган.

Ал эми Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Москва газ берүүнү бирөөнү жазалоо үчүн эч качан колдонбогондугун, отун продукциясын россиялыктардын турмушун жакшыртуу жана коммерциялык негизде, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн гана сатарын баса белгилеген.

Комментарий жиберүү