Европа Орусияга газ акысын рубль менен төлөөгө макул болду

Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрүндөгү компаниялар мурунку билдирүүлөрүнө карабай, Орусия Федерациясынан газ үчүн төлөмдү акыры жаңы система боюнча жүргүзүүгө макул болушту.

Бул тууралуу Washington Post жазганын орус басылмалары кабарлашты.
Басылма бул орус тараптын жеңишинен кабар берерин кошумчалап, Евробиримдиктин өлкөлөрү Орусиядан энергетика тармагындагы көз карандылыкты азайтуу боюнча чараларды талкуулап жатканын, бирок алар кыска мөөнөттө бул тармакта каатчылыкты болтурбоо үчүн олуттуу аракеттерди көрүүгө даяр экенин жазган.

Өткөн күнү бардык грек импорттоочу компаниялары орус газын рубль менен төлөөгө өткөнү белгилүү болду. Газ тармагындагы маалымат булактарынын билдирүүсүнө караганда, буга чейин Газпромбанктын эсептери ачылып, төлөм процесси жүрүп баштаган.

Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак “Газпром” менен келишим түзгөн 54 чет элдик компаниянын жарымына жакыны жаңы схема боюнча газ жеткирүү боюнча төлөмдөр үчүн рублдик эсептерди ачканын билдирген. Ошондой эле газды рубль менен төлөө талабы аргасыз чара экенин белгилеп, экспорттук кирешени сактап калуу зарылдыгын айткан.

Комментарий жиберүү