Европа өз дипломаттарынын Москвадан чыгарылуусуна жооп берүүдө

Европанын үч өлкөсүнүн: Швециянын, Польшанын жана Германиянын расмий өкүлдөрү Орусиядан өз дипломаттарынын чыгарылышына жооп кайтарды.

Iran Press агенттигинин маалыматына ылайык, Швециянын ТИМи Москвадагы дипломаты өлкөдөн чыгарылганын тастыктап, бул аракетти толугу менен негизсиз деп эсептеп, тиешелүү чараларды көрүү укугу сакталганын билдирди.
Белгилей кетсек, Польшанын Тышкы иштер министрлиги ошондой эле Варшава Москванын бул чечимине жооп кылып, бир орусиялык дипломатты өлкөдөн чыгарарын жарыялады.
Ал эми, Германиянын канцлери Ангела Меркель Москванын чечимин негизсиз жана мыйзамдуулуктан бир кадам алыстыкта деп айыптады. Германиянын канцлери дипломаттардын чыгарылышына жооп иретинде санкциялардын колдонулушун четке каккан жок.
Эске салсак, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Москва, Алексей Навальныйды колдогон мыйзамсыз демонстрацияга катышкан үч: немис, поляк жана швед дипломаттарын өлкөдөн чыгарганын жарыялаган.
Мындай чечим Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Европа Биримдигинин тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жозеф Борреллдин Москвага биринчи жолу келип, өткөргөн сүйлөшүүлөрүнөн кийин кабыл алынды.
Жозеф Боррелл Сергей Лавров менен биргелешкен пресс-конференцияда Навальныйдын бошотулушун суранган.
Эскерте кетсек, Москванын соту орусиялык оппозициянын лидери Алексей Навальныйды шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жана коопсуздук эрежелерин бузгандыгы үчүн 3,5 жылга эркинен ажыратты.

Комментарий жиберүү