Египетеги “Аль-Азхар” Герцогдун “Ибрахими” мечитине кол салышын айыптады

Египеттин “Ал-Азхар” ЖОЖу Израилдин президенти Исхак Герцогдун Хеврон шаарындагы Ибрахими мечитине кол салышын айыптады.

Аль-Азхардын билдирүүсүндө, бул душмандык аракет исламий ыйыктыктарды ачык бузуу жана басып алынган аймактарда жаңы чындыкты жаратуу аракети болуп саналат деп айтылат.

Ошондой эле Палестина элинин мындай көрүнүштөргө каршы өз укуктарын, жерин жана диний ыйыктарын уламдан-улам бекем кармай турганы белгиленди.

«Аль-Азхар» мындай агрессиянын коркунучтуулугун эскертип, эл аралык коомчулукту жана бардык өкмөттөрдү өз милдеттерин так аткарууга жана мындай агрессияга каршы бекем жана реалдуу позицияны карманууга чакырды.

Буга кошумча  мындай аракеттердин кайталанышына жол бербөөгө жана эки миллиарддан ашык мусулмандардын сезимдерин жана намыстарын коргоого үндөдү.

Комментарий жиберүү