Египетте чиркөөдө өрт чыгып, 40тан ашуун адам каза болду (видео)

Кечээ, 14-августта Каирдеги тарыхый чиркөөдө чыккан өрт кеминде 41 адамдын өмүрүн алып, 20дай адамды жарадар кылды, деп билдирет Associated Press агенттиги.

“Египеттин Копт чиркөөсү Саламаттыкты сактоо органдарына таянуу менен чиркөөдөгү өрттөн кеминде 41 адам каза болгонун ырастады”, – деп айтылат маалыматта.

Өрт чыккан учурда имараттын ичинде ызы-чуу жаралып, ал өз кезегинде кырдаалды курчутуп, окуядан жабыркагандардын санынын көбөйүшүнө алып келген.

Копт чиркөөсүнүн өкүлдөрү окуя жекшембилик кызмат учурунда болгонун айтышкан. Өрттүн  келип чыгуу себептери азыырнча белгисиз, жагдайлар иликтенип жатат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт электр зымдарынын бузулушунан келип чыккан.

Окуя болгон жерге 15 өрт өчүрүүчү унаа жана тез жардам унаалары жөнөтүлүп, жаракат алгандар жакынкы ооруканаларга жеткирилген.

Жабыркагандардын арасында чиркөөнүн алдындагы жекшембилик класстарга келген балдар көп.

Комментарий жиберүү