Ереванда катуу жарылуу болуп, 60тан ашуун адам жабыркады (видео)

Армениянын борбор шаары Еревандагы ири дүң жана чекене соода борбору Сурмалу базарындагы катуу жардыруудан 3 адам каза болуп, 61 киши жарадар болуп, дагы 19у дайынсыз болууда.

Бул тууралуу Армениянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала берген маалыматына ылайык, базардагы пиротехника сакталган кампада эки күчтүү жардыруу болуп, андан кийин өрт чыгып, имарат урап калган.

Окуя 14-август күнү түштөн кийин болгон. Катталган өрт үчүнчү даражадагы татаал деп бааланды.

Алгачкы маалыматтарда жардыруудан 1 адам каза таап, 20дайы жаракат алганы айтылган. Маалыматтарга караганда, жабыркагандардын саны өсүүдө.

Аталган министрликтин жетекчиси Армен Памбухчян учурда жардыруудан каза тапкандардын саны 3кө жеткенин, алардын экөөсү аял, бирөө эркек киши экенин билдирди.

Ереван мэриясы урандылардын астында калган адамдар болушу мүмкүн экенин, куткаруу иштери жүрүп жатканын билдирди.

Социалдык тармактарда жарыяланган сүрөттөрдөн жардыруу катуу болгонун, асманда уюган чон кара түтүндү көрүүгө болот.

Комментарий жиберүү