Ереванда полиция митингге чыккандарды кармай баштады

Армениянын борбор шаары Ереванда бир нече күндөн бери митингдер өтүп жатат.

Өлкөнүн премьер-министри Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган оппозициячыл күчтөр бүгүн Еревандын бир катар көчөлөрүн кайрадан тосуп алышты. Полиция митингчилерди кармай баштаганын Para TV интернет-ресурсу билдирди. Нааразычылык акциянын катышуулары бүгүн эртең менен Еревандын бир катар көчөлөрүн бууп, жарандарды алардын бийликке каршы митингине кошулууга чакырышууда.

РИА Новости агенттигинин маалыматына караганда, Еревандын чет жагында нааразылык акциясы болгон жерге укук коргоо кызматкерлери келип, бир нече демонстранттарды унааларга салып кетишкен.

Армян оппозициясы 25-апрелден бери армян Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып, Армениянын бардык аймагында нааразылык акцияларын өткөрүүдө. Митингчилер бийликтин аракеттери Арменияны жана таанылбаган Тоолуу Карабак Республикасын жок кыла турганын айтып чыгышкан.

Комментарий жиберүү