Жакында Жер бетинен жок болуп кетиши мүмкүн болгон өлкөлөр

Глобалдык ысыктан улам муздар эрип, деңиз деңгээли көтөрүлүп бир нече арал мамлекеттери жок болуп кетиши ыктымал. Бул тууралуу “Express” гезити жазды.

Климаттын өзгөрүшүнөн жабыркашы мүмкүн болгон аймактарга Кирибати, Тувалу жана Маршалл аралдары кирет.

Кирибатидеги “Climate Action Network” экологиялык бейөкмөт уюмдарынын глобалдык тармагынын координатору Пелениза Алофа Глазгодогу БУУнун саммити арал мамлекеттери үчүн өтө маанилүү окуя экенин айтып, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү жана кч алган тропикалык бороон-чапкын аймактагы адамдардын өмүрүнө жана айыл чарбасына коркунуч туудуруп жатканын эскертти.

Окумуштуулар глобалдуу ысыктын терс таасирин азайтуу үчүн Жер бетиндеги температуранын жогорулашын Цельсий боюнча 1,5-2 градуска чейин чектөө зарылдыгын бир нече жолу белгилешкен. Бул максатта 2015-жылы 190дон ашык мамлекет Париж келишимине кол койгон, анда бул максатка жетүү үчүн конкреттүү иш-аракеттер планы каралган.

Документте казылып алынуучу отундан толугу менен баш тартуу каралган эмес, бирок өлкөлөр парник газдарын чыгарууну азайтуу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүү боюнча чараларды көрүшү керек.

Комментарий жиберүү