Жакында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун баштоого кол коюлат

Жакында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун баштоого кол коюлат

Окшош мазмун

Жакын арада Самаркандда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун баштоого кол коюлат.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңешинин жыйынында билдирди.

Өкмөт башчысынын берген маалыматына караганда, 15-16-сентябрда Өзбекстандын Самарканд шаарындагы Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги отурумунун алкагында Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстандын президенттеринин темир жол долбооруна кол коюушу күтүлүүдө.

“Учурда Кытайдан келген 180ге жакын адис биздин адистер менен чогуу Кыргызстандын аймагындагы геофизикалык иштерди жасап жатышат. Болжол менен эмки жылдын жарымында мунун техникалык-экономикалык негиздемеси бүтүп калат деп пландап жатабыз, – деди Жапаров.

Анын айтымына караганда, аталган темир жолдун Кыргызстандагы бөлүгүн курууга 5-7 миллиард долларга чейин каражат сарпталат.
Өкмөт башчы бул долбоор Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө чоң салым кошорун баса белгилеп өттү.

Жарыяланды Uncategorized

Комментарий жиберүү