Жакында Түркияда НАТОнун машыгуулары өтөт

20-28-июнь күндөрү Түркиянын Конья шаарындагы 3-негизги реактивдик базанын командалык базасында НАТОнун “Ramstein Dust II-2022” машыгуулары өтөт.

Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук Коргоо министрлиги билдиргенин чет элдик басылмалар маалымдашты.
“Түркияда НАТОнун жайгаштыруу жана даярдык машыгуулары Ramstein Dust II-2022 (RADU II-22) расмий түрдө башталат. 20-июндан 28-июнга чейин өтө турган RADU машыгуусунун алкагында аскердик күчтөрдүн даярдык иштери башталды, 5-июнда Түркияга жабдуулар өткөрүлүп берилди”, – деп жазылат маалыматта.

Машыгуулар Коньядагы 3-негизги реактивдик база командирлигинде “Anatolian Eagle 2022” эл аралык окуу курсу менен бирге өткөрүлмөкчү.

Кремль НАТОнун Түркиядагы машыгууларына кандай реакция жасады?

Орус армиясы НАТОнун бардык машыгууларына көз салып турат жана Түркияда өтө турган альянстын машыгууларында да ушундай болору күтүлөт.

Ошол эле учурда машыгууларга байланыштуу Кремлдин ыктымалдуу кооптонуусу тууралуу суроолор жаралбай койгон жок. Бирок Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков НАТОнун алдыдагы бул тема президенттер Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдогандын 30-майда болгон телефондук сүйлөшүүсүндө  талкууланбаганын билдирди.

“Орус аскерлери ар бир машыгууну өзгөчө көңүл буруу менен көзөмөлдөйт. Түркия Түндүк Атлантикалык альянстын мүчөсү жана биз муну билебиз”, – деп билдирди Песков.

Буга чейин Орусиянын Балтика флотунун “Евгений Кочешков” жана “Мордовия” кичи десанттык кемелери бул аймакта НАТОнун аскер-деңиз машыгууларынын башталышынын алдында жер үстүндөгү жана абадагы буталарга артиллериялык ок атууну машыгышканы маалымдалган.

Комментарий жиберүү