Жакынкы келечекте илим ракка дабат абары божомолдонду

Америкалык Pfizer компаниясынын башкы директору Алберт Бурла жакын арада илим рак оорусун айыктыра турган дары чыгарарын божомолдоду.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар ERT3 телеканалына таянуу менен жазышууда.

“Рак илими бышып жетилди жана биз жакынкы жылдарда колдонулуп жаткан дарылоо методдорунда олуттуу жакшыртууларды көрөбүз”, – деди Бурла.

Фармацевтикалык компаниянын өкүлү башка ооруларга анчалык деле оптимист эмес экенин тактап, бирок рак оорусунда илимпоздор максатка жакындап калышканын айтты.

Мындан тышкары, ал илимий коомчулуктун коронавируска каршы күрөштө алдыга жылганын белгилеп, вакцина жана дарылоо туура колдонулса, мындан ары дүйнөдө COVID-19дан каза болгондор болбошу керектигин айтты. Ошол эле учурда коом оору бүттү деп, ага каршы күрөшүү чараларын таптакыр эле таштап койбошу керектигин билдирди.

Жылдын башында Альберт Бурла коронавирус жакында жок болуп кетпей турганын жана адамзат аны менен бир нече жыл бирге жашоого туура келерин айткан. Анын айтымында, COVID-19 көптөгөн мутацияларга ээ жана бир эле адамга бир нече жолу жугушу мүмкүн.

Комментарий жиберүү